Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Ысык-Көл

Түп районунда заманбап 2 мектеп ачылды (фото)

Turmush -  Түп районунун Арал айыл өкмөтүндөгү Сары-Дөбө жана Долон айылдарында жаңы салынган заманбап 2 мектеп ачылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Адегенде Сары-Дөбө айылындагы К.Карачев атындагы 2 кабаттуу, 44 млн сомго республикалык бюджеттин эсебинен салынган 225 орундуу, спорт залы, ашканасы менен салынган типтүү мектептин ачылышы болду. Курулуш «Бек-Мук сервис» фирмасы тарабынан жүргүзүлгөн. Мектепте 359 окуучуга 38 мугалим билим, тарбия берет.

Андан кийин Долон айылындагы К.Уметалиев атындагы 2 кабаттуу, 48 млн сомго курулган 150 орундуу спорт зал, ашкана жана лабораториялык кабиреттери бар типтүү мектептин ачылыш аземи болду. Курулушту «Тунук курулуш» фирмасы жүргүзгөн.

Эки мектептин ачылышын Арал айыл өкмөтүнүн башчысы Бакыт Мамытов ачып берди. Түп районунун акими С.Исмаилов, өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү У.Жылкыбаев, КРнын каржы министри А.Касымалиев, коомдук жана саясий ишмер Ж.Каниметов, Москвадагы Ишкердүүлүк жана укук таануу институтунун филиалынын ректору Т.Абдылдаев жана жергиликтүү элден чыккандар жаңы ачылган мектептин ачылыш аземинде куттукташты.

У.Жылкыбаев ар бир мектепке 30 миң сомдон акчалай белегин тапшырды жана жогорку адамдар эки мектептин ачылыш урматына кызыл тасманы салтанаттуу түрдө кесишти. Ачылышта эки мектептен тандоодон жеңип чыккан мугалимдерге «Менин сүйүктүү мугалимим» алтын медалы тапшырылды.

Эки айылда тең баатыр энелер менен көп балалуу энелерге «Баатыр эне» ордени жана «Эне даңкы» медалы салтанаттуу тапшырылды. Мектептердин жана «Шайыр апалардын» ыр ышкыбоздору салтанатка арналган концерттерди аткарышты. Барынан дагы бүгүн кубанычка каржы министри Адылбек Касымалиев батты, себеби анын туулуп, өскөн айылы Долондо заманбап мектеп ачылып, анын тасмасын кесүү аземине өзү катышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 409
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×