Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Ысык-Көл

Ө.Бабановдун Ысык-Көлдөгү тарапташтары: Шайлоо таза өтүп, татыктуу президент келсин

Turmush -  Президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун Ысык-Көл облусундагы тарапташтары жалпы элди шайлоону таза өткөрүүгө үндөшөт. Мындай чакырык бүгүн, 6-октябрда АКИпресс- Ысык-Көлдө өткөн маалымат жыйында айтылды.

Жыйынга катышкан Корумду айылынын тургуну Арзымат Койгелдиев мекендештерин ынтымакты жогору коюп, биримдикте болууга чакырды.

«Алдыда келе жаткан шайлоо таза, ачык-айкын өтсүн. Татыктуу президентти шайлап алалы деп тилек кылып жатабыз. Шайлоо убагында эмоцияга, чагымчылдыкка алдырбоого чакырабыз. Урматтуу элим, ынтымакта бололу. Ынтымактын артында татыктуу президент келсин», - дейт ал.

Каракол шаарынын тургуну Жылдыз Исаева үгүт иштерин жүргүзүүдө мыйзам бузуулар болуп жатканын айтып, ага жол бербөөгө чакырды.

«15-октябрда ар ким өз кабинасына кирет. Кайсы талапкерди тандаса, ошого добуш берет. Бул үчүн эч кандай тоскоолдуктар болбошу керек. Биз ушул ойду айталы дедик», - деди Ж.Исаева.

Ошондой эле, жыйынга катышкан Мирлан Жумаев, Камчыбек Чалбаев административдик ресурстарды колдонууга жол бербөөнүн, үгүт иштерин мыйзамдын чегинде аткаруунун зарылчылыгын белгилешти.

Ал эми, Бурабаев Бактыбек дыйкандарга көрсөтүлүп жаткан жардамдарга токтолуп, таза шайлоо аркылуу татыктуу президент тандалса элдин жашоосу оңолот деген пикирин билдирди.

«Урматтуу кыргыз элим, мекендештерим, мен убагында 7%дык жеңилдетилген насыя алып, чарбамды көтөргөм. Катардагы дыйкандын биримин. Эч нерседен коркпой өз оюмду айтам. Чыгаан инсандарды каралаган жалган кара пиарлар көп. Өз президентибизди татыктуу тандап, эч кандай коркутуп-үркүтүүлөрдөн коркпойлу», - деди Б.Бурабаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 758
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×