Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Ысык-Көл

Айыл турмушу: Ветеринар М.Шарипов 35 жылдан бери жубайынын жардамы менен айылындагы мал-жандыктарды дарылайт

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Тепке айыл аймагында жашаган Муктажбек Шарипов өз кесибине берилип, 4 мезгил бою калктын кызматында. Ал ветеринария тармагында 35 жылдан ашуун убакыттан бери эмгектенүүдө. Каарманыбыз Айыл чарба институтунун ветеринария факультетин 1985-жылы аяктап, ошол убакыттан бери Тепке айыл аймагында эмгектенип келет.

М.Шарипов учурда жеке ветеринарлардын кадыр-баркы өскөнүн белгиледи. Анын пикиринде, «Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү» долбоору жеке ветеринарлардын потенциалын көтөрүүгө көмөк көрсөттү.

«Долбоор аркылуу ветеринарларга окуулар өткөрүлүп жатат. Бардык керектүү хирургиялык жабдыктар менен камсыз кылышты. Биз үчүн берилген унаа дагы жумушубузду бир топ жеңилдетти. Эми чакырган жерге ылдам барып, көп жумушту бүтүргөнгө мүмкүнчүлүгүбүз бар», - дейт жеке ветеринар Муктажбек Шарипов.

Анын негизги иштеринин бири — иттерге дегельминтизация жүргүзүү. Тепке айыл аймагында 186 ит, ал эми үч айылды бириктиргенде 500гө жакын ит бар. Дегельминтизация жүргүзүүдө ага медициналык билим алган жубайы Чолпон жардам берет.

Чолпон айым айылдык ден соолук комитетинде иштегенине беш жылдан ашык убакыт болгон.

«Жолдошума таблеткаларды бергенде жардам берем. Жолдошум экөөбүз бирге иштешкенде жеңил болот. Эл оорубасын деп кызмат кылып жатабыз», - деди Чолпон Чокеева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 727
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×