Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-июнь
Ысык-Көл

Фото - Жети-Өгүздө 10 баш кой жана 2 уй тирүүлөй күйүп кетти (толукталды)

Turmush -  Акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 8 өрт кырсыктары катталды. Аларды өчүрүүгө 9 өрт өчүрүү бөлүм жөнөтүлдү, деп билдирди бүгүн, 6-октябрда ӨКМдин басма сөз кызматы.  

Бүгүн, 6-октябрга караган түнү саат 04:00 чамасында Ысык-Көлдөгү Жети-Өгүз районунун Желе-Дөбө айылында эки кабаттуу сарайдан өрт чыкты. Анын кесепетинен чатыры, 1 миң түк чөп өрттөнүп, 10 баш кой жана 2 баш уй тирүүлөй күйүп кетти. Адамдар жабыркаган жок. Өрт саат 08:40 чамасында өчүрүлдү. 

Ошондой эле, жылытуучу меш менен электр кыймылдаткычтын туура эмес түзүлүшүнөн улам Талас районунун Көпүрө-Базар айылындагы №10 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратынын экинчи кабатын оңдоо учурунда өрт чыккан. Анын кесепетинен терезеси жана эмеректер күйгөн.

Имараттын экинчи кабаты бала бакча үчүн берилген болчу.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 13651
Көп окулду
×