Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Ысык-Көл

Ысык-Көлдө 47 жаштагы кишини өрттөп кетишти: Кылмышка шектелип карындашы менен күйөө баласы кармалды

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Аң-Өстөн айылынын 47 жаштагы тургунун өлтүрүп, андан кийин өрттөп кетүүгө шектүү делип жабырлануучунун карындашы жана анын күйөөсү кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Кыргызстандын жана Казакстандын Ички иштер министрлигинин бирге жүргүзгөн тергөө иштеринин негизинде Жети-Өгүз районунун 1984-жылы туулган тургуну И.А. жана анын күйөөсү — Түркиянын 1984-жылы туулган жараны И.М. кармалды. Кылмышка шектүү аял каза болгон адамдын карындашы экени белгилүү болду. Аларды издөө иштери Казакстандын Атырау облусунун аймагында жүргүзүлгөн. Шектүүлөрдүн андан ары Түркияга качып кетүүнү көздөп жатканы жана каза болгон адамга тиешелүү «Toyota Verso» үлгүсүндөгү унааны Бишкек шаарына катып койгону аныкталды. Учурда унаа табылып, тергөө амалдары уланууда.

Аталган кылмышты иликтөөгө ИИМдин ыкчам кызматы кийлигишип, кылмышка шектүүлөр каза болгон адамдын «Toyota Verso» үлгүсүндөгү унаасына ээлик кылганын аныкташты.

Алдын ала маалыматтарга караганда, туугандар арасындагы чыр-чатакка мурас себеп болгон. ИИМден белгиленгендей, каза болгон адамдын кызына жана уулуна жиберилген кат ал өлтүрүлгөндөн кийин жазылган. Кылмышка шектүүлөр акча каражатын жана унааны алгандан кийин качып кеткен. Кийин алар «Toyota Verso» үлгүсүндөгү унааны тез арада сатууга же күрөөгө коюуга аракет кылганы аныкталды.

ИИМдин кызматкерлерине издөөгө алынган жарандар мамлекеттик чек арадагы «Ак-Жол» көзөмөл өткөрүү пункту аркылуу Казакстандын аймагына өткөндүгү тууралуу маалымат келген. Буга байланыштуу Кыргызстандын жана Казакстандын Ички иштер министрлиги ыкчам-издөө иштерин бирге жүргүзүү чечимин кабыл алган.

Буга чейин 21-сентябрь күнү аталган райондун Чырак айылына жакын жерде зомбулук менен өлтүрүлгөн белгисиз адамдын күйгөн денеси табылганы жана кылмышка шектүүлөр изделип жаткандыгы маалымдалган.

Аталган факт боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголгон. Белгисиз адамдар кылмыштын изин жашыруу максатында дөңгөлөктүн резинкасын өлтүргөн адамдын башына кийгизип, өрттөп жиберген.

Ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө каза болгон жаран Аң-Өстөн айылынын 47 жаштагы тургуну И.К. экендиги аныкталган. Анын денеси айылдын четинде көлдүн жээгинен табылып, белинен жогору жагы күйүк болгон. Аны жакындары таанып, уулу атасынын бутунда тырык бар экенин билдирген. Каза болгон И.К. таксист болуп иштечү.

Ал Дубайда эмгектенген кызына телефон чалып, 2 миң доллар салууну өтүнгөн. Кызы атасынын өтүнүчү менен башка аялдын атына акча салып, бул окуядан кийин атасы дайынсыз болуп кеткен. Ал эми 22-сентябрда баласы атасынын WhatsApp номуру аркылуу кат алган. Анда: «Балам, мен шашылыш Алматага кеттим, үйдү барып бекитип кой. Бир айдан кийин келем», - деп жазылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 816
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×