Бөлүмдөр
Жума, 15-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Ысык-Көл

Түптө «Күз берекеси» жармаңкесинде майлуу тамактын ордуна жашылча-жемиштер сунушталды (фото)

Turmush -  Түп районунда «Күз берекеси» жармаңкеси өткөрүлдү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Аны райондук ден соолукту чыңдоо кабинетинин демилгеси менен райондогу айылдык ден соолук комитеттери майлуу тамактардын ордуна жашылча-жемиштерди колдонууга үндөө жана жүрөк кан тамыр ооруларын алдын алуу максатында уюштурушкан.

Акимдин орун басары Э.Дюшебаева баш болгон комиссия АДК өстүрүп жана жасап келген салаттардын, алардын жогорудагы оорулардын алдын алууда пайдалануу ыкмаларын карап чыгып, жеңүүчүлөрдү аныкташты. Жыйынтыгында Ой-Тал, Тогуз-Булак, Балбай айылдык ден соолук комитеттери жеңүүчү деп табылып, атайын сыйлыктар менен сыйланышты.

Сентябрь айында белгилене турган Айылдык ден соолук комитеттер күнүнө карата жыл жыйынтыгы чыгарылып, өнөктөш болгон райондук санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору менен «Адамзат ден соолугу» коомдук бирикмесинин баалуу белектерин жана райондук акимчиликтин ыраазычылык каттарын алышты.

Жугуштуу оорулардын алдын алууда 10 жылдан бери талбай аракеттенип жаткан АДКга жана жармаңкенин катышуучуларына райондук маданият үйүнүн кызматкерлери концерт да тартуулашты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 818
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×