Бөлүмдөр
Жума, 15-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Ысык-Көл

Жети-Өгүздө кылым жашаган карылар сыйланды (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районунда Карылар күнүнө карата карыяларга жардам көрсөтүү уланууда. Бул тууралуу айыл аймак башчы Мирлан Бейшенов билдирди.

Анын айтымында, райондун аймагында 100 жаштан ашык жашаган карыларга жардам көрсөтүлдү. Алардын бири — Дархан айылынын 101 жаштагы тургуну Батма Канаева апа. Ал убагында колхоздо эмгектенип, кара жумуштарда жигиттерден кем калбай иштеп келген. Кылымдан ашык жашаган апа бакубат карылыкта күн кечирип жатканы менен жалгыз кызын жоготконуна кейип көзүнө жаш алат. Учурда иниси менен келининин колунда турат.

Бул ирет райондук мамлекеттик администрация жана айыл аймак тарабынан жардам көрсөтүлдү.

«Район боюнча 100 жаштан ашкан 4 карыя бар. Аларга кам көрүү аракети көрүлүп жатат», - дейт ал.

 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 514
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×