Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Ысык-Көл

Улуу устат: Губернаторду окуткан 78 жаштагы мугалим Т.Жапаров окуучулары менен баскетбол ойнойт (фото)

Turmush -  Ысык-Көл районунун Бостери айылынын 78 жаштагы тургуну Токтогул Жапаров бүгүнкү күнгө чейин мектепте мугалим болуп эмгектенет. Аймактык кабарчы тажрыйбалуу мугалим менен таанышты.

Т.Жапаровдун айтымында, учурда аталган айылдагы мектептин окуучуларына физика жана дене тарбия сабактары боюнча билим берет.

«Бостери айылындагы орто мектепти аяктап, азыркы Каракол шаарындагы педагогикалык институтка физика адистигине тапшырдым. Эмгек жолумду аталган айылдагы Х.Жээнбаев атындагы мектептен баштагам. Мындай адистикти тандап алгандан кийин өзүмдү ушул тармакка арноону чечтим. Мындай чечим кабыл алганыма өкүнбөйм. Жубайым экөөбүз 3 уул жана 2 кызды тарбияладык. Алардын бардыгы жашоодо өз ордуларын таап, бизди 14 неберелүү кылышты. Мугалимдин аз өлчөмдөгү айлыгы менен үй-бүлөнү багууда бир топ кыйынчылыктар болгон. А.Акаев президент болуп турган мезгилде айлык акы катары 100-130 сом алган учурлар кездешти. Үй-бүлөнү, балдарды мындай акча каражатына багуу мүмкүн эмес эле. Бирок биз мугалимдик кесипти тандап алгандан кийин балдарга билим берүүгө, аларды тарбиялоого милдеттүүбүз. Ошондуктан, оор мезгилдерге карабастан бул тармакта иштөөнү уланттым. Окуучуларымдын жашоодо өз ордуларын табуусу мен үчүн эң чоң сыйлык. Айрымдары үйүмө келип берген билимим үчүн ыраазычылыгын билдиришет. Алардын арасында өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү У.Жылкыбаев да бар. Ал мектепте жакшы окуп, спорт менен машыкчу. Абдан шамдагай болчу. Эркек балдар ушундай сапатка ээ болушу керек деп эсептейм. Эң негизгиси ал жакшы окучу жана мен ага абдан ишенчүмүн. Азыр жаңылбаганымды көрүп жатам», - деди Т.Жапаров.

55 жылдык тажрыйбага ээ мугалим учурда окуучулар менен баскетбол да ойнойт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 387
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×