Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Ысык-Көл

Барскоон айылынын жаңы конуштары электр энергия менен камсыздалууда, - айыл башчы

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Барскоон айылынын жаңы конуштарын электр энергия менен камсыздоо маселеси чечилүүдө, деди айыл аймак башчысы Р.Эшманбетов.

Анын айтымында, Барскоон айылынын 18 конушунда көп жылдан бери электр энергия маселеси көйгөй жаратып келген.

«Жергиликтүү тургундар электр энергиясын эркин колдоно албай келишкен. Мындан улам жогорку жакка кайрылышып, Жогорку Кеңештин депутаты Данияр Аттокуров жана «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын» башчысы Айбек Калиевдин жардамы менен 750 миң сомдук трансформатор жана электр чубалгылар алынды. Алар жакын арада ишке киргизилет. Учурда электр энергиясын жаңы конуштардын барына жеткирүү иштери жүргүзүлүп жатат», - деди айыл башчы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 280
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×