Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Ысык-Көл

Тез жардамчылар менен кош бойлуу келиндин өлүмү: 56 жаштагы фельдшер акыркы сапарга узатылды

Turmush -  Чолпон-Ата шаарындагы жол кырсыкта каза болгон тез жардам кызматынын улуу фельдшери Марипа Садыбакасова кечээ, 3-октябрда Ысык-Көл районунун Бостери айылында акыркы сапарга узатылды.

Маалым болгондой, ал тез жардам кызматында 35 жылдан бери иштеп келген. Эмгек жолун 1983-жылы Ысык-Көл райондук тез жардам кызматында улуу фельдшер болуп баштап, кырсык болгон күнгө чейин эмгектенди. 35 жылдык эмгек жолунда көптөгөн адамдардын өмүрү сактап калган.

М.Садыбакасова бир уулун жалгыз тарбиялап келген. Уулу борбордогу ЖОЖдордун биринде акыркы курста окуйт.

Окуя тууралуу:

2017-жылы 1-октябрга караган түнү саат 03:00 чамасында тез жардам кызматынын бригадасы чакыруу менен Ысык-Көл районундагы Бает айылына барып, кош бойлуу келинди алып жолго чыгышкан. Ал унаа Чолпон-Ата шаарынын кире беришине жеткенде артында бара жаткан «Мерседес-Бенц» унаасы башкаруусун жоготуп, аны менен сүзүшкөн. Бул кагышуудан кийин тез жардам кызматынын унаасы бир нече жолу оодарылып кеткен.

Алдын ала маалыматтар боюнча, 1959-жылы туулган айдоочу, 1961-жылы туулган фельдшер, 1998-жылы туулган кош бойлуу келин окуя болгон жерде көз жумган. Ал эми, кош бойлуу келиндин жанындагы тууганы (35-40 жаштар чамасындагы аял киши) оорукананын жандандыруу бөлүмүнөн үзүлгөн.

Turmush басылмасына белгилүү болгон алдын ала маалыматтар боюнча, «Мерседес-Бенц» унаасын Кербен шаарында жашаган 23 жаштагы кыз башкарып жүргөн. Учурда бул окуяга байланыштуу тергөө иштери улантылып жатат.

Жол кырсык боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 281-беренесинин 3-4-бөлүмдөрү (транспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу) менен кылмыш иши козголгон. Ал эми унаанын ээсине 284-берене (мас абалында же транспорт каражатын башкарууга укугу жок адамга транспорт каражатын айдоого жол берүү) боюнча кылмыш иши козголгон.

Кийинчерээк жол транспорт кырсыгына себепкер болгон «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унаанын ээси — Бишкек шаарынын 1990-жылы туулган тургуну Т.Тахир экендиги аныкталган. Жол кырсыктан кийин унааны башкарган кыздын организминде алкоголдук ичимдик бар экени текшерилип, жыйынтыгында аталган факт тастыкталган.

Ысык-Көл райондук сотунун чечими менен «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унааны башкарган 23 жаштагы Жибек эки айга камакка алынып, унаанын ээси Т.Тахир 1 айга камалды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 513
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×