Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Ысык-Көл

Тез жардамчылар менен кош бойлуу келиндин өлүмү: 58 жаштагы айдоочу акыркы сапарга узатылды

Turmush -  Бүгүн, 2-октябрда Чолпон-Ата шаарында жол кырсыкта каза болгон тез жардам унаасынын айдоочусу Кожокмат Адыракаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты болду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

К.Адыракаев 58 жашта болчу. Ал эми тез жардам кызматынын 55 жаштагы фельдшери Марипа Садыбакасованы акыркы сапарга узатуу эртең, 3-октябрда Бостери айылында өтөт.

Каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгү 25 миң сомдон, райондук мамлекеттик администрация 5 миң сомдон жардам берген.

Окуя тууралуу:

2017-жылы 1-октябрга караган түнү саат 03:00 чамасында тез жардам кызматынын бригадасы чакыруу менен Ысык-Көл районундагы Бает айылына барып, кош бойлуу келинди алып жолго чыгышкан. Ал унаа Чолпон-Ата шаарынын кире беришине жеткенде артында бара жаткан «Мерседес-Бенц» унаасы башкаруусун жоготуп, аны менен сүзүшкөн. Бул кагышуудан кийин тез жардам кызматынын унаасы бир нече жолу оодарылып кеткен.

Алдын ала маалыматтар боюнча, 1959-жылы туулган айдоочу, 1961-жылы туулган фельдшер, 1998-жылы туулган кош бойлуу келин окуя болгон жерде көз жумган. Ал эми, кош бойлуу келиндин жанындагы тууганы (35-40 жаштар чамасындагы аял киши) оорукананын жандандыруу бөлүмүнөн үзүлгөн.

Turmush басылмасына белгилүү болгон алдын ала маалыматтар боюнча, «Мерседес-Бенц» унаасын Кербен шаарында жашаган 23 жаштагы кыз башкарып жүргөн. Учурда бул окуяга байланыштуу тергөө иштери улантылып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 997
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×