Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-октябрь
68.44    80.39    1.19    KZT 0.2
Ысык-Көл

Чолпон-Ата шаарындагы чоң бастырмадан өрт чыкты

Turmush -  Акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 9 өрт кырсыктары катталды. Аларды өчүрүүгө 11 бөлүм жөнөтүлдү, деп билдирди бүгүн, 2-октябрда ӨКМдин басма сөз кызматы.

Маалым болгондой, Ысык-Көлдөгү Чолпон-Ата шаарынын Совет көчөсүндө бастырмадан өрт чыкты. Анын кесепетинен 28 чарчы метр жыгач устундуу темир менен жабылган чатыры, эшик, терезе жана үй эмеректери күйгөн. Адамдар жабыркаган жок. Учурда өрттүн себеби такталууда. Ошондой эле, электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушунан улам Бишкектеги Ленин районунун Гагарин жана Алыкулов көчөлөрүнүн кесилишинде «MAN» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаанын (мамлекеттик номуру S8755Q) кыймылдаткычы күйдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 335
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×