Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Ысык-Көл

Айыл турмушу: 14 унаа уткан Баронду таптаган тоңдук саяпкер ийгилик сыры менен бөлүштү (фото)

Turmush -  Тоң районунун Бөкөнбаев айылынын 63 жаштагы тургуну Замирбек Мукашев таптаган Барон аттуу күлүк 65 жолу байгеге ээ болуп, 14 унаа уткан. Саяпкер жылкы таптоонун сыры жана Барондун ийгиликтери тууралуу аймактык кабарчыга айтып берди.

«Барон Бөкөнбаев айылында туулган. Атасы — Наказ аттуу айгыр, энеси — Бека аттуу бээ, экөө тең асыл тукумдан чыккан. Аттар 10 жылдай чуркагандан кийин айгыр болуп, андан тукум алуу үчүн жылкы заводдорго берилет. Барон 3 жашынан баштап мелдештерге катышып келе жатат. Азыр ал 7 жашка толду, анын балдары дагы мелдештерге катышып жаткан мезгил. Барон кунан кезинде бир күндө эки жолу байге уткан учур болгон. Эң негизгиси жылкы таптоодо 4 шарт керек. Биринчи— жылкынын тукуму, экинчи — багылышы, энесине ичиндеги кезден баштап кароо, үчүнчү — саяпкердин таптоосу, төртүнчү — чабандестин аракети. Ушул талаптар сакталганда гана мыкты күлүк же мыкты жорго чыгат. Ар бир саяпкердин өзүнүн ыкмасы болот, аларды бири-бирине көп айтышпайт», - деди ал.

З.Мукашев Барон ат чабыштарда 14 автоунаа утуп, 50 жолу биринчи, 7 жолу экинчи, 6 жолу үчүнчү орунду алганын айтты.

«Барон кунан кезинде өзүнөн 2 жаш улуу жылкылар менен 1600 метрге чабылып, жеңишке жеткен. Өзү менен тең жылкылар менен кайра таймашып, экинчи жолу жеңишти багындырган. Үч жашында бышты кезинде 7 чакырымга чейин гана чабылышы керек эле, биз аны чоң жылкылар менен бирге 15 чакырымга чаап, Байзак баатырдын тоюнда жеңишке жеткен. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында баш байгеге коюлган 800 миң сом утуп алып, алгачкы жолу чемпион болду.  Нарын шаарынын 145 жылдыгында, Саякбай Каралаевдин мааракесинде, Казакстанда өткөн оюндарда 1-орунду алган», - деди саяпкер.

Барон учурда алдыдагы мелдештерге даярданууда.

Саяпкер З.Мукашев айыл чарба илимдеринин кандидаты болуп, илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыктарга жеткен. Жаш кезинен тарта ат багууга кызыгып, кийин жылкылардын санын көбөйткөн.

«Азыр «Элдияр» жылкы заводунда 50дөй асыл тукум жылкыларды багып жатабыз. Учурда Барондун тукуму ийгиликке жетип жатат. Жылкыларды саяпкер жана чабандестер болуп таптайбыз. Атайын машыктыруучум бар, ал аттарды машыктырып турат», - деди З.Мукашев.

Ал белгилегендей, анын күлүктөрү Б.Мамбетовдун 110 жылдыгына арналган мааракеде 35 миң сом утушкан.

«Кунан жорго боюнча биринчи Дабан аттуу байтал (Барондун тукуму), үчүнчү Бедел аттуу байтал, төртүнчү Бурхан аттуу жылкылар жеңишке жетишти. Бышты жорголор арасында 2-орунду Гарринча алып келди. Чоң жорголор арасында Платини деген жорго ийгиликке жетти. Багылып жаткан аттар менен ийгиликке жетүү мени өтө кубандырат. Келечекте асыл тукум жылкыларды көбөйтүп, дүйнөлүк аренага чыккым келет», - деп кошумчалады ал.

Замир Мукашев Айыл чарба институтунан билим алгандан кийин малдын асылдуулугун арттыруу үчүн жасалма жол менен уруктандырууну колго алган. Анын чарбасында орус таскагындагы жорголор жана Ала-Тоо тукумундагы гиссар койлор багылат. Мындан тышкары, ал жубайы Гүлмира Мукашева жана балдары менен алма бак, дан эгиндерин өстүрүшөт.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4250
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×