Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-декабрь
69.75    82.18    1.18    KZT 0.21
Ысык-Көл

Фото - Түптө экс-депутат С.Жапаровдун атасы акыркы сапарга узатылды

Turmush -  Бүгүн, 22-сентябрда экс-депутат Садыр Жапаровдун атасы Мустали уулу Нуркожо ажы акыркы сапарга узатылды.

Turmush басылмасынын кабарчысы маалымдагандай, аксакал менен коштошуу зыйнаты Түп районундагы Кең-Суу айылында өткөрүлдү. Ага Жогорку Кеңештин депутаты Талант МамытовАрстанбек Малиев, Камчыбек Ташиев, Жылдызкан Жолдошова, Адахан Мадумаровдор катышты.

Мустали уулу Нуркожо ажы 20-сентябрда 84 жашында көз жумган.

Буга чейин экс-депутат Садыр Жапаров атасын акыркы сапарга узатууга катышуу үчүн СИЗО-1 мекемесинен бошотулбай тургандыгын Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматынан маалымдашкан.

2017-жылы 15-сентябрда Бишкек шаардык сотунда Жогорку Кеңештин экс-депутаты Садыр Жапаровго карата козголгон ишти караган отурум улантылды.

Отурумда Жапаровдун күнөөсү далилденгени айтылды. Жыйынтыгында шаардык соттун судьясы Биринчи май райондук соттун С.Жапаровго карата чыгарган өкүмүн өзгөртүүгө негиз жок деп тапты. Муну менен С.Жапаровду 11 жыл 6 айга эркинен ажыратуу тууралуу өкүм күчүндө калтырылган.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 10025
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×