Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-декабрь
69.75    82.18    1.18    KZT 0.21
Ысык-Көл

Фото - Шахмат боюнча дүйнөнүн үч жолку чемпиону А.Карпов Ысык-Көлгө келди

Turmush -  Советтик жана россиялык шахматчы, шахмат боюнча дүйнөнүн үч жолку чемпиону, эл аралык гроссмейстер, СССРдин эмгек сиңирген спорт чебери Анатолий Карпов Ысык-Көлгө келди.

Ал алгачкы жолу көл өрөөнүнө 38 жыл мурун келгенин айтып, көл жээги анын сүйүктүү жерине айланганын белгиледи.

«Ысык-Көлдүн кайталангыс кооздугун көрүү мага абдан жагымдуу болду. Мен бул жерге көп жолу келдим. Биринчи жолу 1979-жылы, мындан 38 жыл мурун келгем. Андан кийин бат-баттан келе баштадым. Албетте, абдан кооз жер, ал эми тоолору адамды суктандырып, өзүнө тартат. Ал тоолордон жана суунун тазалыгынан рахат алдым», - деди ал.

Белгилүү шахматчы Ысык-Көлдөн алган таасиринен сырткары, Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы эки тараптуу мамилени өнүктүрүүгө багытталган пландары менен бөлүштү.

- Эки өлкөнүн ортосунда белгиленип жаткан иштер тууралуу кененирээк маалымат бере аласызбы?

- Биз Кыргызстандагы дүйнө фонддорунун иштерин жандандыруу аракеттерин көрүп жатабыз. Мен эл аралык дүйнө фонддору уюмунун жетекчиси катары бул ассоциациянын ишине көптөгөн мамлекеттердин, КМШ өлкөлөрүнүн дээрлик бардыгынын уюмдары катышат деп айта алам. Биз Түштүк-Чыгыш Азия, Араб дүйнөсү, Европа өлкөлөрү менен жакшы байланыштабыз. Эгер бул катарга Кыргызстан да кошулса абдан жакшы болот. Шахмат жөнүндө айтсам, Карпов билим берүү борборун түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Бир мезгилдерде бул жерде менин сунушум менен республикалык шахмат клубу жигердүү иштечү. Тилекке каршы, оор учурларда ал иштетилбей калды. Учурда жаштар шахматка абдан кызыгышат, ошондуктан  аталган борборду калыбына келтирүү керек. Бул тууралуу айтып жатабыз жана өлкө жетекчилиги да түшүнүү менен кабыл алышты. Ошондуктан бул план ишке ашат деп ишенем.

- Кыргызстанда шахматтын келечеги кандай деп ойлойсуз?

- Мурун Кыргызстандын командасы Азиядагы күчтүү шахматчылардын бири болчу. Буга далил катары эркектер тайпасы Азия өлкөлөрүнүн арасындагы чемпионатта 1-орунга ээ болгондугун айтсак болот. Тилекке каршы мындай позиция азыр жок. Бирок учурда потенциал бар. Эгер бир жолу жогорку тепкичке көтөрүлсөңөр, демек шахматты өнүктүрө аласыңар. Анан албетте, шахмат борборлорун калыбына келтирүү керек.

- Курулушу пландалып жаткан борбор кайсыл жерде жайгашат?

- Имарат Бишкекте жайгашып, усулдук борбор катары иштейт. Ал өзүнүн ишин клубдун бөлүмү менен бириктириши да мүмкүн. Бирок ал азырынча белгисиз. Кыргызстандын мектептеринде шахматка үйрөтүүчү өзүнчө усулдук борбор катары иштеши да күтүлүүдө. Ал жерде шахмат боюнча ийримдер уюштурулат. Шахмат окуучулардын өнүгүүсүнө таасирин тийгизет. Дүйнө эли бул жөнүндө мурун эле кабардар болгон. Ошондуктан мектеп программасына шахматты киргүзүү бүгүнкү күндүн талабы. Бул процессти Түркия, Румыния, Молдавия, Армения эрте баштаган. Ал эми, Россия да убакыттын өтүшү менен аталган мамлекеттерге жетет деп ойлойм. Бирок айрым мамлекеттердин өкмөтүнүн токтому шахматты мектеп программасына киргизүүгө жол бербейт. Мисалы, Россия ал чечимди ушул жылдын май айында гана кабыл алды. Ал эми, Швеция мектеп программасына шахматты биринчилерден болуп 1993-жылы киргизген. АКШда интернеттен шахмат ийримдери мектептерге кабыл алынат, ал эми Аргентинада, Бразилияда, Африка, Европа өлкөлөрүндө мектептерде шахмат абдан жакшы өнүккөн.

- Шахмат боборунда кимдер иштейт жана ал жакта сиздин шакирттериңиз эмгектенеби?

- Албетте ал жерде өзүнүн ишин мыкты билген кесипкөйлөр иштейт. Экинчиден, башталгыч мектепте иштөө үчүн тажрыйбага ээ болуу керек. Мисалы, Россияда башталгыч мектептерде сабак берүү үчүн мугалимдерди квалификацияны жогорулатуучу курстарда окутушат. Алар шахматтын негизин үйрөнүп, жогорку билимге ээ болуп жана бул багыттагы тажрыйбаларын жогорулатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 498
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×