Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-декабрь
69.75    82.18    1.18    KZT 0.21
Ысык-Көл

Айыл турмушу: Экс-министр абердин-ангус породасындагы 1,5 тонналык букаларды багып жатат (фото)

Turmush -  Ак-Суу районундагы «Рейна Кенч» фермердик чарбада салмагы 1,5 тоннага жеткен абердин-ангус породасындагы букалар багылат.

Чарбанын жетекчиси Аскар Жаныбековдун айтымында, 2013-жылдын декабрь айында АКШнын Монтана штатынан абердин-ангус породасындагы 100 баш музоо жана 4 торпок алынып келген.

«Абердин-ангус породасындагы малды АКШдан долбоордун колдоосу менен алып келдик. Ага чейин биз бул породадагы уйларды багуунун жолдорун изилдеп чыгып, андан кийин аны Ысык-Көлгө алып келүү чечимин кабыл алдык. Акыркы 3 жылдан бери багып жатабыз жана бир топ жетишкендиктер болду. Биздин фермердик чарбадан торпокторду бир гана Ысык-Көл облусунун райондоруна эмес, Алай районуна дагы алып кетип жатышат. Демек, биздин аткарган жумуштар текке кеткен жок. Биз мындан кийин дагы ишти жакшыртууга күчүбүздү жумшап, ири мүйүздүү малдын санын жана сапатын жакшыртууга күч жумшайбыз», - деди фермер.

Ал белгилегендей, бул породадагы уйлардын салмагы 1 тоннага чейин жетет.

«Абердин-ангус породасындагы малдын өзгөчөлүгү анын бат жетилип, эттүү болгондугунда. Торпоктор 14-16 айында эле 500 килограмм салмакка чейин жетет. Ал эми чоң уйлар 500-700 килограммга чейин жетсе, букалар 750-1000 килограмм болот. Чарбадагы уйларды саабайбыз. Музоолор чоңойгонго чейин сүт эмишет. Бул алардын эттүү болушуна түрткү болот. Чарбадагы уйлардын бири Чернушка эки жолу музоо тууду. Ал башкалардан токтоо мүнөзү менен айырмалынып турат. Анын салмагы учурда 650 килограммды түздү. Бирок дагы салмак кошот», - деп билдирди А.Жаныбеков.

15-сентябрда Ак-Суу районунун Тепке айылында талаа күнү өтүп, анда «Ири мүйүздүү мал багуунун өзгөчөлүгү» темасында талкуу болду. Ага Жети-Өгүз, Түп, Ак-Суу райондорунан 60ка жакын фермер катышкан. Анда фермердик чарбанын жетекчиси А.Жаныбеков ири мүйүздүү мал багуунун өзгөчөлүктөрү тууралуу айтып берди.

Буга чейин  «Рейна Кенч» агрокомплексинде багылган 1,5 тоннага жеткен абердин-ангус породасындагы бука 200 миң сомго сатылганы маалымдалган.

85

А.Жаныбеков 2012-жылдын 29-мартынан 6-сентябрына чейин КРнын айыл чарба жана мелиорация министри болуп иштеген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 7983
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×