Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-октябрь
68.44    80.39    1.19    KZT 0.2
Ысык-Көл

Эл ичи — өнөр кенчи: Балыкчылык А.Айдарбекова 200гө жакын адамга бийлегенди үйрөтөт (фото)

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын 21 жаштагы тургуну Айзат Айдарбекова 3 жыл мурун өзү түптөгөн «Сеул» бий тобун жетектейт. Аймактык кабарчы бийчи кыз менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Түштүк Кореянын Сеул шаары жаккандыктан, ошол шаардай өнүккөн топ болсун деп «Сеул» деген аталышты тандаган.

«Мен 6-классымдан баштап бийге кызыгып, ар кандай ийримдерге катышып жүрдүм. 11-классты бүткөндөн кийин кичинекей кезимден баштап бийлеп жүргөн музыкалык мектепте мугалим болуп калдым. «Сеул» тобун ачканыма 3 жыл болду. Анда 6 жаштан 25 жашка чейинки эже-сиңдилерге бий үйрөтөм. Азыр Балыкчыда, Тору-Айгырда, Ак-Өлөң айыл аймактарында дагы иштеп жатам. Балыкчы шаарында 80дей окуучу, Ак-Өлөңдө 70тей, Тору-Айгырда 40тай окуучум бар. Демөөрчү жок болгондуктан бий үчүн кийимдерди өзүм тиктирем.

Кыргызстанда өткөн фестиваль-сынактарга катышып келебиз. Жакында эле өткөн «Достук шаңы» сынагына катышып, «Эң ажарлуу бийчилер» деп тандалдык. Кыздар кыргыздын улуттук бийлеринен башка ар түрдүү бийлерди бийлешет», - деди ал.

Бийчилер жакында Түштүк Корея өлкөсүнө барууну пландоодо.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 842
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×