Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-декабрь
69.75    82.18    1.18    KZT 0.21
Ысык-Көл

Видео, фото - Ак-Сууда 7 жаштагы Аль-Алим өрттөнүп жаткан үйдүн ичинен инисин куткарып калды

Turmush -  13-сентябрда Ак-Суу районунун Теплоключенка айылынын Октябрь көчөсүндөгү №48 үйдөн өрт чыгып, 7 жаштагы Аль-Алим Алланазаров иниси Санжар Павловду сактап калы.

Ак-Суу райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн билдиргендей, саат 15:33дө үйдүн кожойкеси Диляранхон Абдыкадырова Ак-Суу айылындагы №39 өрткө каршы бөлүмүнө үй күйүп жатканын жана үйдүн ичинде 1,5 жашар бала бар экендигин уюлдук телефон аркылуу билдирген. Өрткө каршы бөлүмүнө бул билдирүү түшөр замат саат 15:34тө Ак-Суу айылындагы №39 өрткө каршы бөлүмүнүн №4 кароолдун күзөт нөөмөтү жана Ак-Суу райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Казакпаев А.К., анын орун басары Байгелдиев Б.Ж., өрт болгон жерге жөнөп кетишкен. Куткаруучулар окуя болгон жерге жеткен учурда №48 турак үйдүн сарайы, жайкы үйүнүн чатырынан түтүн чыгып, ички бөлмөлөрү жалындап күйүп жаткан. Ошондой эле, жанындагы чоң үйүнүн чатырына жалын өтүп, күйө баштаган. Өрттүн кесепетинен короонун ичи, үйдүн ичи түтүнгө толуп, көрүнбөй калган.

«Апам ооруп жаткандыктан ооруканага бармак. Чай ичип алып, дарыканага бардык. Анан аны кичи автобуска салып, кайра үйгө келе жатып кошунамдыкына жумуштап кирип калдым. Ал чай ич дегенине карабай, нан ооз тийип гана чыктым. Кошунам мени сыртка узатып чыгып, сен жакта түтүн чыгып жатат деди. Кенже баламды уктатып коюп чыккам. Эмне кыларымды билбей, чуркап бардым. Куткаруучуларды чакырайын десем телефонум жок, таппай калдым. Ошол учурда улуу балам үйгө чуркап кирип кетти», - деди Диляранхон Абдыкадырова.

Көчөдө балдар менен ойноп жаткан уулу Аль-Алим Алланазаров апасынын кыйкырганын угуп, өрттөнүп жаткан үйүн көздөй чуркаган. Андан соң үйдүн ичине кирип, уктап жаткан 1 жаш 6 айлык инисин Павлов Санжарды көтөрүп чыккан.

«Досум чакырды. Ал менен ойноп жаткам, үйгө ким киргенин, өрттү ким кылганын көргөн жокмун. Мен үйгө кирип Санжарды алып чыктым. Өрттөн коркон жокмун. Үй түтүн болчу», - деди ал.

Аль-Алим келечекте куткаруучу болгусу келерин кошумчалады.

Биринчи өрткө каршы күжүрмөн топ өз убагында өрттү өчүрүп, аталган турак үйдү короо жайы менен сактап калышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3976
Комментарии
Обсуждения закрыты
Нет аватара
malikaddd
06:45, 17 сентября 2017
Бактылуу болсун!
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×