Бөлүмдөр
Жума, 15-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Ысык-Көл

Эл ичи — өнөр кенчи: 16 жаштагы Усман «Манас» айтуу менен сынактарда ийгиликтерди жаратууда (фото)

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын 16 жаштагы тургуну Усман Дүйшеев «Манас» эпосунан үзүндү айтып келет. Аймактык кабарчы манасчы менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, азыр 10-класста окуйт.

«Манас» айтып жүргөнүмө 2 жыл болуп калды. «Манас» айтууга 6-класстан баштап эле кызыга баштагам. Алгач жаттап алып, мектеп ичиндеги майрамдарда айта баштадым.

Бир күнү кыргыз тилчи мугалимибиз “шаардык манасчылар сынагы болот экен” дегенинен барып катышып, 3-оорунга ээ болдум. Ошол эле сынакта 1-орунду алган Гүлжигит байке менен тааныштым. Анын «Манас» чөйрөсүнө аралашканына көп жыл болуптур. Гүлжигит байке устат болуп, мага көп нерселерди үйрөттү, багыт берди.

Эң биринчи​ жетишкендигим «Манас» күнүнө карата уюштурулган шаардык сынакта 3-орунду алганым болду. Бишкекте «Супара» этнокомплексинде өткөн 7-күн, 7-түн «Манас» айтууга катышып, премьер-министрдин сыйлыгына ээ болдум. Бишкекте Коомдук телеберүүкорпорациясы уюштурган «Манас таануу» сынагында топ менен барып катышып, 4-орунду алдык. Андан кийин жакында эле Ысык-Көл облусунда өткөн “Достук шаңы" фестивалында 3-орунду жеңип алдым. Ак калпак күнүнө карата өткөрүлгөн «Манас» айтуу сынагында 2-орунга алдым.

«Манас» айтууда түш көрө элекмин. Эгер түш көрсө бул адамга берилген өзгөчө касиет деп айтып келишет. Качан гана адам баласы «Манаска» жан дүйнөсү менен берилип, талыкпай эмгектенсе, «Манас» эпосун окуса аян алып түш көрөт. «Манас» айтууга баш отум менен кирип, талыкпай окуп, аян берүүчү түш көргөн деңгээлге жетсем экен деп тилеп келем. 7 күн-түн «Манас» айтуу сынагына катышканда жакшы сөздөр жамакка түшүп, жакшы айта баштадым. Ошондо гана касиети бар экенине ынангам. Эң узак айтканым 1:30 саатка жеткеним болду.

Бир жолу бир «Манас» айтып жатсам алдыңкы сапта бир ак сакалдуу чоң ата кызыгуу менен угуп отурган. Каныкейдин Тайторуну чапканын айтып жаткам. Ал окуяда “Атаңа кокуй курган жан” деген саптар кездешет. Айтып бүтүп, сынак бүткөндө баягы чоң ата чакырып калды. Барсам “ай уулум, өзүң жакшы эле айтат экенсиң, анан «Манас» эпосунда Курманжандын эмне тиешеси бар? “Атаңа кокуй Курманжан” деп жатасың” деп калды. Ойлонсом жанагы сапты чоң ата туура эмес угуптур. Түшүндүрүп берсем бетимден өөп, рахматын айтып кеткен», - деди ал.

Усман 5 бир туугандын үчүнчүсү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 724
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×