Бөлүмдөр
Шейшемби, 26-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Ысык-Көл

Жаш талант: 16 жаштагы Нуркыз тогуз коргоол боюнча мелдештерде алдына ат салдырбайт (фото)

Turmush -  Тоң районунун Тогуз-Булак айылынын 16 жаштагы тургуну Нуркыз Медетова тогуз коргоол боюнча мелдештерде ийгиликтерди багындырууда. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Н.Медетованын айтымында, тогуз коргоол оюну логикалык ой жүгүртүүнү өнүктүрөт.

«Мен тогуз коргоолду 4 жылдан бери ойноп келем. Аны мага Акылбек агайым үйрөттү. Окуучулар ойноп жатканын көрүп кызыгып, үйрөнүп алдым. Алгачкы жолу Анарбек Сарыгуловдун жаркын элесине арналган сынакка катышып, 1-орунду алып, кубанычым койнума батпай жүрдүм. Сабак бүтсө эле тогуз коргоол менен машыгууну улантып жаттым. Ысык-Көл облусу боюнча өткөн сынакта 2-орунду, Тоң району боюнча өткөрүлгөн сынакта 2-орунду, жакында эле болгон «Жаз - 2017» сынагында 3-орунду ээледим.

Тогуз коргоолдо эң негизинен математика сабагына болгон жөндөмдүүлүк талап кылынат. Бул сабакты мыкты билүү керек. Бул оюн акыл оюндарына киргендиктен, акылдын жакшы иштешине түрткү берет. Отуруп ойногондуктан тынч шартта өтүүсү талап кылынат. Улуттук оюн деп саналган тогуз коргоолду көп киши ойнобогону өкүндүрөт. Мындан тышкары, волейбол, баскетбол жана теннис оюндарын дагы ойноп турам», - деди ал.

Н.Медетова келечекте кардиолог дарыгер болууну кыялданат жана тогуз коргоолду таштабастан улантууну көздөөдө. Үй-бүлөдө 3 бир туугандын үчүнчүсү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 341
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу