Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Ысык-Көл

Караколдун «Көл бермети» элдик бий тобу Индияда концерт тартуулайт

Turmush -  Каракол шаарындагы «Көл бермети» элдик бий тобу Индияда концерт тартуулашат. Бул тууралуу шаардык балдар билим берүү борборунан маалымдашты.

Маалыматка караганда, ушул жылдын 18-сентябрында «Көл бермети» элдик бий тобу Дели шаарына барып, өз өнөрлөрүн көрсөтүшүп, бир сааттык концерт тартуулашат.

Бий тобунун жетекчиси Света Абдыкадырованын айтымында, мындай мүмкүнчүлүккө бий ансамбли республикалык кароо-сынакта индия бийин мыкты аткарып ээ болушкан. Бий ансамбли менен караколдук ырчылар, комузчулар да бара турганы белгилүү болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 466
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×