Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-май
Ысык-Көл

Фото - Караколдо 2 кабаттуу турак жайы өрттөнүп кеткен үй-бүлөгө контейнер үй орнотулуп жатат

Turmush -  Каракол шаарындагы эки кабаттуу үйү күйүп кеткен үй-бүлөгө мэрия жана ӨКМ тарабынан контейнерден жасалган үй орнотулуп жатат.

ӨКМдин Каракол шаарындагы бөлүмүнүн жетекчиси Нурбек Асаналиевдин айтымында, үй 40 тонналык контейнерден эки кабаттуу болуп жасалып, ичине жашоого керектүү шарттар түзүлдү.

Өрт 29-августта саат 18:30 чамасында чыккан. Айтбаев атындагы көчөдө жайгашкан №45 үйдөгү өрттү өрт өчүрүүчүлөр өчүрүшкөн. Бирок турак үй толугу менен күйүп кеткен. Өрттүн чыгышына электр жабдыктарын монтаждоодо коопсуздук эрежелердин бузулушу себеп болгон. Буга чейин бул үй-бүлөгө идиш-аяк, жууркан-төшөк жагынан жардам көрсөтүлгөн эле.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1063
Көп окулду
×