Бөлүмдөр
Шейшемби, 26-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Ысык-Көл

Жаш талант: Тоңдук Алтынай улуттук бий аркылуу Кыргызстанды дүйнөгө таанытууну көздөйт (фото)

Turmush -  Тоң районунун Бөкөнбаев айылынын 17 жаштагы тургуну Алтынай Зарнаева улуттук бий аркылуу Кыргызстанды дүйнөгө таанытууну максат кылууда.

А.Зарнаеванын айтымында, ал акыркы 4 жылдан бери бий тобунда бийлеп, түрдүү сынактарга катышып келет.

«Кичинекей кезимден тарта бийге кызыгып жүрдүм. Эжемдин бийге катышканын көрүп, каалоом ого бетер күчөдү. Чоңойгондо бийчи болсо деп кыялданчумун. Кийин ийримдерге катышып, көбүнчө «Ак бермет» бий тобу менен түрдүү сынактарга катышып жүрдүм. Азыр дагы «Ысык-Көл жылдыздары», «Жаш таланттар» сыяктуу сынактарга катышып, алдыңкы орундарды алып жатабыз», - дейт жаш бийчи Алтынай.

А.Зарнаева белгилегендей, алар жакында эле Оман мамлекетине барып, фестивалга катышып келишкен.

«Инди океанын көргөнүм эсте калды. Толкуну чоң экен, биздин Ысык-Көлүбүздүн толкуну өтө эле кичинекей болуп калат экен. Аталган топ менен бийдин бардык түрүн бийлейбиз. Улуттук бий аркылуу Кыргызстанды дүйнөгө таанытсам деген кыялым бар. Сынактарга катышканда бүт күчүмдү бийге жумшап, жеңиш үчүн аракет кылам. Эң негизгиси Кыргызстандын желеги башка өлкөлөрдүн желектеринин арасында желбиресе сыймыктанам», - дейт ал.

Алтынай 4 бир туугандын эң улуусу.

Буга чейин маалымдалгандай, Тоң районундагы окуучулардын «Ак бермет» бий тобу Оман мамлекетиндеги Салала шаарында өткөн фестивалга Кыргызстандын атынан катышып келишкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 382
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу