Бөлүмдөр
Жекшемби, 24-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Ысык-Көл

Айыл турмушу: Жети-өгүздүк бухгалтер монгол сортундагы дарбыздарды өстүрүүдө (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Ичке-Булуң айылынын тургуну Гүлша Кабылбекова 4 жылдан бери дары чөптөрдү өстүрөт.

Г.Кабылбекованын айтымында, ал мышык тамыр (валериана), теңге гүл (календула), жалбыз (мята) чөптөрүн өстүрүп, аларды дары чөптөрдү сатып алгандарга өткөрөт.

«Дары чөптөрдөн тышкары огородго помидор, бадыраң, кызылча, сабиз, калемпир, жандоо, төө буурчак жана башка жашылчаларды өстүрүп келем. Ошондой эле, быйыл биринчи жолу дарбыз өстүрүп, түшүм жыйнадым. Учурда дарбыздын монгол деген сортун өстүрдүм. Ал абдан даамдуу жана ширелүү келет экен. Эң чоң дарбыздын салмагы 2 кг болот», - дейт Г.Кабылбекова.

Ал буга чейин 35 жыл эсепчи болуп иштеген. Учурда ардактуу эс алууда. Жолдошу Айтбай Амантуров менен 4 балалуу болушкан. Учурда алардын 9 небереси бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 793
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу