Бөлүмдөр
Шейшемби, 26-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Ысык-Көл

Караколдо жаңы аялдаманы сындыргандыгы үчүн кармалган жаран окуянын себебин түшүндүрдү (фото)

Turmush -  Каракол шаарындагы Токтогул жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишиндеги аялдаманы түн ичинде сындырып кеткен шектүү кармалды. Бул тууралуу Turmush басылмасына ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, кылмышка шектүү делген 1974-жылы туулган А.Улан аттуу жаран учурда Каракол шаарында жашайт, бирок Бишкек шаарында каттоодо турат.

А.Улан өз көрсөтмөсүндө аялдама анын хашан саткан жайын тосуп калгандыктан аны сындырып салганын билдирген. Ошондой эле, ал күнөөсүн мойнуна алып, чыгымды төлөп берерин айткан.

Буга чейин маалымдалгандай, мэрия Токтогул жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишине орноткон жаңы аялдаманы 6-сентябрга караган түнү белгисиз адамдар алып салышкан.

Кийинчерээк Каракол ШИИБ тарабынан мамлекеттик мүлккө зыян келтирүү беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 524
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу