Бөлүмдөр
Шейшемби, 26-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Ысык-Көл

«Мекендештер»: Красноярскта окуган 21 жаштагы Анара сулуулар сынагында, спорттук мелдештерде жеңишке жеткен (фото)

Turmush -  «Мекендештер» рубрикасынын кезектеги каарманы - Түп районунун Талды-Суу айылынын 21 жаштагы тургуну Анара Бейшенбаева. Учурда ал Россиянын Красноярск шаарындагы Сибирь федералдык университетинде 4-курста билим алууда.

А.Бейшенбаеванын айтымында, бул окуу жайдагы кыргызстандык студенттер абдан ынтымактуу келишет.

«Мен М.Элебаев атындагы мектебин аяктагандан кийин Красноярск шаарындагы окуу жайга тапшырдым. Кыргызстандыктар алыс жерде жүргөндө абдан ынтымактуу келишет экен, биринчи келгенбизде айлананы карап таң калдым, кыргыз мекендештерибизди көргөндө сүйүнүп алар менен маектешип, билбеген нерселеримди сурап калдым. Бул жерде кыргыз студенттер болуп «Манас студенттеринин союзу» атуу уюм ачып алганбыз, ар кандай сынактар өткөрүлөт. Жаңы келген студенттерге окууга жардам берүү, ынтымакка, достукка чакыкыруу максатында иш алып барабыз. Бул уюмдун мүчөлөрү жалаң кыргыздар. Шаарда дагы кыргыздар абдан көп, ошол себептүү чет өлкөдө жүргөнүм дагы билинбейт. Студенттерден сырткары бул жерде иштеп, отурукташып калган байке, эжелерибиз дагы көп. Бул шаар чоң, кооз жана абасы таза, жай мезгили аябай ысык жана кыска болот.

Биз үчүн үйүбүздү таштап, чет өлкөдө жүрүү оор, кээ бир учурда Кыргызстанга кетип жаткан студенттерди узатып жатканда ыйлап калчубуз. Убакыт өткөн сайын бул шаарга көнүп калдым. Кыргызстандан келгендерди жылуу тосуп алабыз. Окуудан сырткары сулуулар сынагына катышып, анда 2-вице-мисс наамын алгам. Ар кайсы мамлекеттерден келген студенттердин өз топтору бар. Студенттер ортосунда дайыма сынактар болуп турат. Кыргызстандык студенттердин тобу азыркыга чейин биринчи орунду алып келет, ар бирибиз өз өзүнчө сынакка катышып чыгабыз, башка мамлекеттерден келгендер кыргыздар күчтүү экенине таң беришет. Жакында эле армрестлинг боюнча мелдешке катышып, 2-орунга ээ болдум. Келечекте окуумду ийгиликтүү аяктап, мыкты бир адис болуу максатым бар», - деди мекендешибиз Анара.

Ал үй-бүлөдө 4 бир туугандын эң улуусу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 380
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу