Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Ысык-Көл

Григорьев капчыгайындагы өрт бир суткадан кийин өчүрүлдү

Turmush -  Ысык-Көл районунун Темир айыл аймагына караштуу Григорьев капчыгайында өрт чыкты.

ӨКМдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, өрт 10-сентябрь күнү саат 14:30-15:00 чамасында чыккан. Анын кесепетинен болжол менен 4-5 гектар кургак чөп өрттөндү. Өрт өчүрүү иштерине ӨКМдин 62 куткаруучусу жана токой чарба кызматынын 23 кызматкери тартылды. Адамдар жабыркаган жок.

«Өрттү өчүрүү иштери 11-сентябрь күнү таң эрте улантылып, саат 14:15те чектөөгө алынып, саат 16:00дө толук өчүрүлдү», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 419
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×