Бөлүмдөр
Шейшемби, 26-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Ысык-Көл

Ананьевдеги борбордук базар коопсуздук талаптарына жооп бербейт, - Мамэкотехинспекция

Turmush -  Ысык-Көл районундагы Ананьев айылынын борбордук базары өрт коопсуздук талаптарына жооп бербейт.

Мамэкотехинспекциянын маалыматына караганда, базарда соода түйүндөрү кызыл сызыктан чыгып, баш аламан жайгашып калган. Баш аламан соода жайларынын айынан жолдор тарып, жеңил жана атайын унаалар өтө албай келет. Кокус өрт кырсыгы болсо материалдык чыгашадан сырткары жарандардын өмүрүнө коркунуч жаралышы мүмкүн.

Буга чейин инспекторлор тарабынан базар ээлерине базардын ичин иретке келтирүү боюнча бир нече жолу эскертүүлөр берилген. Бирок талаптар аткарылган эмес. Учурда базар ээлерине административдик чаралар көрүлүп, базарды иретке келтирүү боюнча убакыт берилди. Белгиленген мөөнөттө Мамэкотехинспекциянын койгон талаптары аткарылбаса, тийиштүү жарандарга чара көрүү үчүн материалдар соттук кароого жиберилет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 362
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу