Бөлүмдөр
Шейшемби, 26-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Ысык-Көл

Айыл турмушу: Караколдук З.Шабазова дунгандардын жынмэмэ наны кандай жасаларын айтып берди (фото)

Turmush -  Дунган элинин улуттук тамак-аштарын мыкты бышырган Каракол шаарынын тургуну Замира Шабазова жынмэмэ наны кандай жасаларын айтып берди. Дунган кызы З.Шабазованын айтымында, жынмэмэ наны эки учурда жасалат.

«Бул нанды дунган эли үлпөт тойлордо жана куран окутууда даярдашат. Жынмэмэ нанынын үстүндө кызыл так болсо тойго даярдалган болот. Эгер ал жок болсо анда куран окутууга багышталган. Жынмэмэнин камыры суу, туз, ачыткы кошулуп жуурулат. Камыр ачыгандан кийин аны формага келтирип, бууга бышырабыз. Дагы бир түрү — оромодой ороп, ар кандай кошулмаларды кошуп бышырабыз», - дейт З.Шабазова.

З.Шабазова мындай нанды жасаганды апасынан үйрөнгөн. Ар кандай иш-чараларда, майрамдарда дайыма жынмэмэ жасайт. Аны ооз тийген жарандар анын кандай жасаларын да кызыгып сурашат.

 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 507
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу