Бөлүмдөр
Шейшемби, 26-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Ысык-Көл

Быйыл Ысык-Көлдө 30дан ашык жайлоо бала бакчалар иштеди, - өкүлчүлүк

Turmush -  Быйыл Ысык-Көл облусунда 30дан ашык жайлоо бала бакчалары иштеди. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн маалымдашты.

Маалыматка караганда, Ысык-Көл облусунун аймагындагы жайлоолордо «Келечек», «Ананайка», «Каркыра», «Алтын балалык» сыяктуу бала бакчалар уюштурулуп, малчылардын балдары эс алды. Алар чет тилин үйрөнүп, сүрөт тартып, китеп окуп, адистердин жана чет элдик ыктыярчылардын көмөгү менен көп өнөрдү өздөштүрүштү.

«Ысык-Көл аймагында быйылкы жайда 30дан ашык жайлоо бала бакчалары иштеди. Райондук ооруканалардын дарыгерлер тобу барып, жайлоодогу малчылардын үй-бүлөлөрүн медициналык кароодон өткөрүп, ден соолугуна байкоо жүргүзүп, кеӊештерин айтуу менен керектүү дары-дармектер менен камсыз кылып турушту», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 302
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу