Бөлүмдөр
Шейшемби, 26-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Ысык-Көл

Григорьевка капчыгайында 3-4 гектарга жакын кургак чөп өрттөндү, - ӨКМ

Turmush -  Ысык-Көл районунун Григорьевка капчыгайында болжолдуу маалыматтар боюнча 3-4 гектар кургак чөп күйдү.

ӨКМдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, капчыгайдагы өрт бүгүн саат 14:15тер чамасында өчүрүлдү.

«Өрт өчүрүү иштерине ӨКМдин 56 куткаруучусу жана токой чарба кызматынын 11 кызматкери тартылды», - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин маалымдалгандай, Ысык-Көл районунда 10-сентябрда саат 14:30-15:00дөр чамасында Темир айыл аймагына караштуу Григорьевка капчыгайында өрт чыккан.

«Саат 21:00гө чейин өрттү өчүрүү иштери жүргүзүлүп, 1 гектар жердеги өрт чектөөгө алынды. Түн киргенине байланыштуу өрттү өчүрүү иштери убактылуу токтотулуп, 11-сентябрда таңкы саат 06:30да өрттү өчүрүү иштери кайра улантылды», - деп билдирген ӨКМдин басма сөз кызматы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 340
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу