Бөлүмдөр
Шейшемби, 26-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Ысык-Көл

Ысык-Көлдө 50 ширеңкенин кутучасына салынган баңги зат менен ИИМдин күбөлүгүн алып жүргөн жигит кармалды

Turmush -  Ысык-Көл районунда ширенкенин кутучасына салынган баңги заттарды алып бара жаткан Бишкек шаарынын тургуну кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл районунун прокурорунун орун басары Алмазбек Нышанов билдирди.

Анын маалыматына караганда, кечээ, 10-сентябрда саат 04:00дөр чамасында Ысык-Көл районуна караштуу Булан-Сѳгѳтү айылында жайгашкан «Партнер-Нефть» май куйуучу бекетинен Бишкек шаарынын 1992-жылы туулган Ш.уулу К. аттуу тургуну кармалып, анын сумкасынан 50 даана ширеңкенин кутучасына салынган, жалпы салмагы 850 граммды түзгѳн баңги заты табылган.

Кармалган Ш. уулу К. бул кылмыш ишине Ысык-Көл районуна караштуу Корумду айылынын тургуну Б.уулу Ж., жана Темир айылынын тургуну, И.А.нын тиешеси бар экендигин билдирген. Мындан тышкары, Ш. уулу К.нын чѳнтѳгүнѳн ИИМдин адистештирилген күзөт башкы башкармалыгынын кызматкеринин күбѳлүгү табылып алынган. Аталган факт боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 247-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту жана 3-бөлүмүнүн 2,4-пунктары менен кылмыш иши козголгон.

Кылмыш иш боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалып, үлгүлөр алынган. Кечээ кылмыш ишине шектүү адам катары Ш. уулу К., Б. уулу Ж. жана И.А. кармалып, Ысык-Көл РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 479
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу