Бөлүмдөр
Шейшемби, 26-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Ысык-Көл

Ак-Суудагы эс алуучу жайларга быйыл 35 миңдей эс алуучу кабыл алынды, - аким (фото)

Turmush -  Ак-Суу районундагы эс алуу жайларга быйыл болжол менен 35 миңдей эс алуучу кабыл алынган. Бул тууралуу район акими Улан Дөкөнбаев билдирди.

Анын айтымында, Ак-Суу суусунун жээгинде учурда 9 эс алуу жайы бар жана аларга келген эс алуучулардын саны жыл сайын өсүп жатат.

«Районубуз минералдуу ысык сууларга бай Алтын-Арашан сыяктуу суулары менен алыска таанылган. Климаты мелүүн, биздин жерде арча, кайың, карагайлар келген меймандарды өзүнө тартып турат. Андыктан, Ак-Суу району дагы туристтерди өзүнө тартып турчу касиетке ээ. Биз быйыл туризмди өнүктүрүү боюнча бир катар иш-чараларды уюштурдук. Жайкы фестивалдарды өткөрүп, Түргөн жайлоосунда этношаарча уюштурдук. Ал эми дарылык касиети бар сууларыбызга келгендерди кабыл алган Ак-Суу курортторуна баруучу жол оңдолду. Буюрса, кышында кышкы фестиваль өткөрөбүз деген планыбыз бар», - дейт ал.

Эске сала кетсек, Ак-Суу районунда 1895--жылдары эле дарылануу жайлар курулган. 1957-жылдан бери балдардын шал ооруларын (полимиелит) дарылоочу санаторий салынып, 2 ванна корпусу жана 2 барак тибиндеги жай курулган. Анын климатына жайы-кышы тоңбогон Ысык-Көл, бийик тоо жана узун, тар капчыгай таасирин тийгизет. Тоо климаты менен деңиз климатынын айкалышып турушу кыштын жумшак, жайдын салкын болушун камсыз кылат. Ысык, өтө ысык жана радиоактивдүүлүгү төмөн азот газы аралаш минералдуу суулар дарылоонун негизин түзөт. Курортто жерден чыккан тогуз булак бар. Алардын ичинен дарылык үчүн №1 булактан чыккан ысык суу гана колдонулат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 317
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу