Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Ысык-Көл

Ысык-Көлдүн Кара-Ой айылында жазуучу К.Бектеновдун айкелинин ачылышы болду (фото)

Turmush -  Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылында жазуучу, драматург, актер, режиссёр Касымалы Бектеновдун элесине арналган айкелдин ачылышы болду, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

Айкел К.Бектеновдун ысымын алып жүргөн орто мектептин жанына орнотулган. Салтанат менен коштолгон иш-чарага К.Бектеновдун туугандары, айылдаштары жана маданият тармагындагы ишмерлер катышып, жазуучунун эмгектерин эскеришти. Иш-чаранын жүрүшүндө К.Бектеновдун үч томдук китебинин бет ачары да болду.

Касымалы Бектенов Ысык-Көл районунун Долинка айылында туулган. Ата-энесинен эрте ажыраган. 1929–1934-жылдары Нарын жергесиндеги комсомол комитетинде, кийин республикалык радио комитетте иштеген. 1935-1941-жылдары театр искусствосунун мамлекеттик институтунда окуган. Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде Советтик Армиянын катарында кызмат кылган. 1945–1947-жылдары Кыргызстан мамлекеттик драма театрында артист, Пржевальскидеги облустук драма театрында башкы режиссер,

1952-1957-жылдары Кыргызстан мамлекеттик драма театрынын директору, Кыргыз ССРинин Маданият министрлигинин кинематография боюнча башкы башкармасынын орун басары болгон. 1955-жылы анын «Берекелүү өрөөн», «Бут башка таарынат» аттуу пьесалары коюлган. К.Бектенов А.А.Фадеевдин «Разгром» романын, кытай жазуучулары Мао Дун жана Лу Синьдин чыгармаларын кыргыз тилине которгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 430
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×