Бөлүмдөр
Шейшемби, 26-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Ысык-Көл

Айыл турмушу: Балыкчылык уста жылуулукту көпкө кармаган очокторду жасап жатат (фото)

Turmush -  Балыкчы шаарынын 51 жаштагы тургуну Өмүрбеков Замирбек темирден оригиналдуу буюмдарды жасап сатат. Аймактык кабарчы устадан кабар алды.

З.Өмүрбековдун айтымында, ал устачылык өнөрдү өз алдынча өздөштүрүп алган.

«Кесибим боюнча жыгач уста, ширеткичмин. Өзүм бир нерсе ойлоп таап, жасаганды жакшы көрөм. Буга чейин кир жуугуч машинанын мотору менен бетон аралаштыргыч жасап алып, азыркыга чейин колдонуп жатам. Буюртма бергендерге өздөрүнүн каалоосу менен даярдап берем. Мындан сырткары темирден көптөгөн буюмдарды жасап сатам, азыркы учурда темир тепкичтерди, кышкыга очокторду жасап жатам. Очоктордун өзгөчөлүгү кышында жылуулукту көпкө кармайт. Отунду майдалап, убара болбой жарылбай калган дөңгөчтөрдү ошол бойдон салса болот. 5 чака көмүрдү бир салып, 2,3 күнгө чейин жеткизсе болот. Мындай очоктор 40 миң сомго жасалат. Учурда эки кабаттуу үйдү өз колум менен салып, көбүнчө темир колдонуп, бүтөйүн деп калдым. Мен бир цемент аралаштыргычты 6 миң сомго жасап берем. Айына 150 миң сом киреше табам. Жакын арада чоң бир цех ачып, жасаган буюмдарымды сатсам деген оюм бар», - деди уста.

Ал бир кыз, үч уулдун атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 738
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу