Бөлүмдөр
Жекшемби, 24-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Ысык-Көл

Айыл турмушу: Тоңдук Ж.Шакиров жасаган кемерлерди чет элдиктер да сатып алышат (фото)

Turmush -  Тоң районунун Бөкөнбаев айылынын 34 жаштагы тургуну Жаныбек Шакиров курларды жасап, чет элдиктерге сатат. Аймактык кабарчы уста менен таанышты.
Анын айтымында, Көркөм сүрөт академиясын аяктаган. Азыр окуу жайда мугалим болуп иштейт.
«Бул өнөр мага атаман калган. Атам булгаары менен иштечү. Атам бир нерселерди жасап жатканда жанынан чыкпай карап, жардам берип үйрөнүп жүрдүм. Бул иш менен иштеп кошумча киреше таап келе жатканыма 12 жылдын жүзү болду. Курлардын материалдарын булгаары заводон сатып алам. Бир уйдун териси 6 миң сом болот.

Бир кур тигип жасаш үчүн 1 күндүк убактым кетет. Бул нерсени жасоо майда жумуш болгондуктан көздүн майын алат. Мен алгач формасына келтирип бычып алам. Тигип бүткөндө кыргыздын улуттук оюмдарын түшүрөм. Кемер курлар 25 миң сомдон сатылат. Анткени таштар менен кооздолгон. Ташы жок курлар 20 миң сом. Менин ишиме кызыккандар көп. Казак элинин жаачылары байма-бай буйрутма беришип турушат. Жасаган курларды маданият кызматкерлери, манасчылар, акындар, ырчылар жана салбуурунчулар сатып алышат.

Мындан тышкары, Кыргызстанга келген туристер менен иш алып барып келем. Менин ишимди баалап, чет элдиктер чакырышат бирок шартка байланыштуу бара албай жүрөм», - деди ал.

Ж.Шакиров үй-бүлөлүү 1 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 389
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу