Бөлүмдөр
Шейшемби, 26-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Ысык-Көл

Ысык-Көлдөгү жол кырсыктан тирүүлөй күйгөн «Лексустагы» 4 адамдын өздүгү аныкталды

Turmush -  Ысык-Көл районундагы жол кырсыктан «Лексус РX 300» унаасында тирүүлөй өрттөнүп кеткен 4 адамдын өздүгү аныкталды. Бул тууралуу Turmush басылмасына укук коргоо органдарынан билдиришти.

Маалыматка караганда, алардын экөө Балыкчы шаарынын, экөө Бишкек шаарынын тургундары болгон.

Унаадагы жарандар:

- М.А., 1958-жылы туулган, Бишкек шаарынын тургуну;

- С.Анатолий, 1960-жылы туулган, Бишкек шаарынын тургуну;

- О.Н, 1962-жылы туулган, Балыкчы шаарынын тургуну;

- Б.А., 1967-жылы туулган, Балыкчы шаарынын тургуну;

Болжолдуу маалыматтар боюнча М.Алексей жана С.Анатолий О.Н. аттуу жарандын үйүнө конокко келишкен. Ал жактан аларга Б.А. кошулган.

Кээ бир маалыматтар боюнча каза болгон 4 жаран буга чейин соттолушкан жана алар камактан таанышкан. Алар Нуржандын үйүнөн чыккандан кийин Түп районуна барып, келе жатышып жол кырсыгына кабылышкан.

Буга чейин маалымдалгандай, Балыкчы—Ананьев—Каракол унаа жолунун 113-чакырымындагы жол кырсыктан 4 адам тирүүлөй күйүп кеткен. Каза болгон адамдар «Лексус РX 300» (мамлекеттик номуру В 8876 AN) унаасынын салонунда өрттөнгөн.

Алдын ала маалыматтар боюнча, унаа Ананьев айылынан Чолпон-Ата шаарына бара жаткан. Темир жана Григорьев айылдарынын ортосундагы бурулуштан башкаруусун жоготкон унаа оодарылып кеткен. Унаа ошол жерден өрттөнүп, ичиндеги 3 жүргүнчү жана айдоочу тирүүлөй күйгөн.

Бул окуя тууралуу 8-сентябрда саат 04:00 чамасында Ысык-Көл РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө билдирүү түшүп, ыкчам топ жөнөтүлгөн болчу. Окуя болгон жерден документтер табылган жок. Болгону уюлдук телефонго тиешелүү 1 даана сим-карт табылган. Анын жардамы менен каза болгон жарандардын өздүгүн, жакындарын аныктоо аракеттери көрүлүп жатат.

Кийинчерээк Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы унаа бир нече жолу оодарылып, жолдон 100 метрдей алыска кулаганын билдирди. Окуя болгон жерден унаа оодарылып баратканда ыргыган тетиктер, буюмдар жана кара куурай салынган 2 мүшөк табылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 558
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу