Бөлүмдөр
Шейшемби, 26-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Ысык-Көл

Тагдыр: Жети-Өгүздүн тургуну 18 жаштагы уулуна боорунун жарымын берип, өлүмдөн сактап калды (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Оргочор айылынын тургуну Темирбек Сманов альвеококкоз оорусу менен жабыркаган 18 жаштагы уулуна боорунун жарымын берди.

Т.Смановдун уулу Азат Сартбаевге 3 был мурун борбордо операция жасалган.

Азаттын ата-энесинин айтымында, уулу дайыма дары ичкени менен ооруганы басылбай, кайрадан борбордогу дарыгерлерге көрүнгөндө алар Нижний-Новгородго барып, операция жасатуу керектигин айтышкан.

Азатты атасы Нижний-Новгород шаарына алып барган, ал жактагы дарыгерлер баланын боорун алмаштыруу керектигин жана анын жашоосуна бир жарым ай калганын кабарлашкан. Мындан улам ата-энеси туугандарына жана элге кайрылып, топтогон акчасына Индияга барып, жалпы 50 миң долларга операция жасатышкан.

Азат үй-бүлөдө 5 бир туугандын төртүнчүсү. Эжеси Жазгүл донор болууну чечип, бирок дарыгерлер ылайык келбей калаарын айтышкан. Азат менен бирге барган атасы Темирбек Сманов уулуна боорунун жарымын берип, Азаттын операциясы 19, ал эми атасынын операциясы 17 саатка созулган.

Ушул жылдын май айында операция болгон Азат Индияда дарыгерлердин көзөмөлүндө 2 ай болуп, жакшы болгондон кийин мекенине кайтып келген.

Өмүрдүн баркы бийик экенин айткан Азат жана анын ата-энеси Темирбек Сманов менен Жумагүл Желденбаева жардам көрсөткөн жалпы элге ыраазычылыктарын айтышат. Анткени, кайрымдуулуктун негизинде Азатка бир ай аралыгында каражат топтолуп, ата-энеси туугандарынын салымы менен операция жасалган. Учурда Азат мектепти ийгиликтүү аяктап, өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошкон адис болууну кыялданууда.

Азаттын атасы мугалим болуп иштесе, апасы китепканачы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 447
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу