Бөлүмдөр
Шейшемби, 26-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Ысык-Көл

Айыл турмушу: Тоңдук Т.Шайбыров 32 жылдан бери алгыр куштарды багып келет (фото)

Turmush -  Тоң районунун Бөкөнбаев айылынын 42 жаштагы тургуну Талгарбек Шайбыров 32 жылдан бери алгыр куштарды багып, аңчылык кылып, мүнүшкөрлүк менен алектенип келет.

Өзүнүн айтымында, учурда 2 бүркүтү бар. Азыр балдары да бүркүт таптоону үйрөнүп жатышат.
«Менин ата-тегим куш таптап, аңчылык кылып, бул өнөрдү тукумдан-тукумга өткөрүп келишкен. Мен да 32 жылдан бери ата-бабаларымдын жолун жолдоп, алгыр куштарды багып, мүнүшкөрлүк кылып келем. Азыркы оюнга түшүп келе жаткан кушум 14 жашта, аты Тумара. Аны менен 2007-жылдан бери оюнга түшүп келем. Райондук, облустук, Орто Азиялык оюндарга катышып байгелүү орундарга илинип келебиз. Экинчи бүркүтүмдүн аты Тунук. Ал азыр 1 жашта.

Буларды багып кароодо алгач өзүбүзгө жакындатып көндүрүп алабыз. Бир күндө 2 саат убактым ушуларга жумшалат. Жаш баладай кылып карагандыктан күн сайын жаңы эттен берип турам. Таптаган куштарым менен ноябрь айынан баштап аңчылыка чыга баштайбыз», - деди ал.

Мүнүшкөр 4 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 303
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу