Бөлүмдөр
Шейшемби, 26-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Ысык-Көл

Фото — Караколдо 7 млн сомго курулган River Park сейил багы ачылды

Turmush -  Бүгүн, 9-декабрда Каракол шаарында River Park сейил багынын расмий ачылышы болду, деп билдирди аймактык кабарчы.

Ачылыш аземге мэр Д.Арпачиев, мекеме-ишканалардын жетекчилери, туристтер жана жергиликтүү тургундар катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө түрдүү диаспоралардын өкүлдөрү, ырчылар, аткаруучулар, бий топтору өз өнөрлөрүн тартуулашты. Мындан тышкары, тамак-аштардын жарманкеси өткөрүлүп, улуттук кийимлдердин көргөзмөсү уюштурулду.

Мэрдин айтымында, River Park сейил багынын курулушуна 7 млн сом жумшалган. Парк шаардык мэрия, «Каракол дестинациясы» коомдук бирикмеси жана ЮСАИДдин колдоосу менен курулду.

«Тургундар үчүн суу жээгинде эс алууга шарт түзүү демилгеси көтөрүлгөн. Анда шаарга келген меймандар да эс алышат. Ал жерге таманташ, тосмолор, селкинчек, отургучтар, жарыктандыргычтар орнотулду», - дейт мэр.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 599
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу