Бөлүмдөр
Шейшемби, 26-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Ысык-Көл

Айыл турмушу: Жети-өгүздүк С.Жумаев районго мыкты жөө күлүк катары таанымал (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Дархан айылынын 46 жаштагы тургуну Сагынбек Жумаевди район эли мыкты жөө көлүк жана машыктыруучу катары таанышат. Аймактык кабарчы элеттик жөө күлүктөн кабар алды.

С.Жумаевдин айтымында, ал 4-класста окуган кезинен тарта жеңил атлетика менен машыгып баштаган. 1990-1994-жылдары борбордогу Мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясын аяктагандан кийин машыктыруучу болуп, андан соң милиция кызматында эмгектенген.

«Спорт менен машыгуу адам үчүн эң пайдалуу. Мен дайыма жүгүрүп, спорт залдарда машыгып, бир катар келечек ээлерин машыктырам. Азыркы тапта райондо дене тарбия жана спорт бөлүмүн жетектейм. Биз окуучу кезде машыгуучу залдар жок болгондуктан талааларга жүгүрчүбүз», - дейт ал.

Ал район аймагында быйыл спорт тармагында кыйла жетишкендиктер болуп, 3 ирет эл аралык, бир катар райондук денгээлдеги мелдештер өткөнүн айтты. Бир нече ийгиликтерге жетишкени үчүн өткөн жылы Эгемендүүлүктүн 25 жылдыгында белекке алтын саат да алган.

С.Жумаев 3 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 489
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу