Бөлүмдөр
Шейшемби, 26-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Ысык-Көл

Ысык-Көлдө оодарылып кетип, 4 адам тирүүлөй күйгөн «Лексустун» айдоочусу белгилүү болду

Turmush -  Ысык-Көл районунда 4 адам тирүүлөй өрттөнгөн «Лексус РX 300» автоунаасынын ээси белгилүү болду. Turmush басылмасына укук коргоо органдарындагы булактар аркылуу белгилүү болгон алдын ала маалыматтар боюнча, унааны Бишкек шаарынын 1971-жылы туулган тургуну Х.Р. башкарып бара жаткан.

Балыкчы—Ананьев—Каракол унаа жолунун 113-чакырымында бир нече жолу оодарылып, андан кийин күйүп кеткен унаа Жалал-Абад облусуна бара жаткан. Учурда айдоочунун жанындагы 3 адамдын аты-жөнүн тактоо иштери улантылууда.

Бул окуя тууралуу бүгүн, 8-сентябрда саат 04:00 чамасында Ысык-Көл РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө билдирүү түшүп, ыкчам топ жөнөтүлгөн болчу. Окуя болгон жерден документтер табылган жок. Болгону уюлдук телефонго тиешелүү 1 даана сим-карт табылган. 

Кийинчерээк Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы унаа бир нече жолу оодарылып, жолдон 100 метрдей алыска кулаганын билдирди. Окуя болгон жерден унаа оодарылып баратканда ыргыган тетиктер, буюмдар жана кара куурай салынган 2 мүшөк табылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1068
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу