Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Ысык-Көл

Түптүн Тогуз-Булак айылындагы фермерлер кыктын жаңы түрүн колдонуп, мол түшүм алышууда (фото)

Turmush -  Түп районунун Тогуз-Булак айылында «Климаттын өзгөрүү шартына жараша тоо, токой жана жер ресурстарын туруктуу башкаруу» долбоорунун алкагында фермер Айнагүл Искакованын участогунда талаа мектебинин семинары болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Семинарга долбоорго катышып жаткан 10 фермер, райондук агрардык өнүгүү башкармалыгынын башчысы К.Ибраимов жана долбоордун координаторлору катышты.

Долбоордун координатору К.Тезекбаева модераторлук кылып, үлүш жердин сапатын жогорулатуу үчүн жердин асылдуулугун сактап калууда чиритилген кыктын пайдасы жана ал аркылуу түшүмдүүлүктү көбөйтүүнүн жолдорун практика түрүндө көрсөтүп берди.

«Мисалы 1 гектар жерге жөнөкөй семирткич катары 20 тонна чириген кык керектелсе, «Байкал-ЭМ-1» препараты аркылуу даярдалган чириген кыктын 4 тоннасы 1 гектар жерге жетет экен», - деди ал.

Мындан тышкары, фермерлер Д.Багаев, Н.Аламанова, А.Табалдиев жана А.Искакова «Биогумус», «Калифорния курту» жана башка ыкмалар менен кыкты чиритүү жолдорун карап, аз чыгым жумшап, көп киреше алууга боло турганын далилдешти. Фермер Жаркын Өмүрчиева 3 сотых жерден жөнөкөй ыкма менен жасалган күнөсканадан бадыраң менен помидордун долбоордун негизинде жасалып жаткан чириген кыкты пайдалануудан алынган түшүмүнүн молдугуна токтолду.

АУПтун жетекчиси К.Ибраимов пилоттук айыл болгон Тогуз -Булактын тургундарын негиз кылып, райондогу айылдарга жайылтууну милдет кылып койду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 442
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×