Бөлүмдөр
Шейшемби, 26-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Ысык-Көл

Түптүн Чоң-Таш айылында бала бакча ачылды (фото)

Turmush -  Түп районунун Чоң-Таш айылында мектепке чейинки жамааттык бала бакчанын ачылышы болду. Бул тууралуу Б.Коралиев орто мектебинин директору Жумагүл Жумабекова билдирди.

Анын айтымында, ачылыш аземге Чоң-Таш айылынын жашоочулары, райондук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Ч.Касиева жана айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү катышты.

«2014-жылы жазылган бул долбоор кандайдыр бир себептер менен кармалып келип, быйыл Бүткүл дүйнөлүк банктан 2 млн сом бөлүнгөн. Ага балдарга керектүү жабдуулар алынып, 3-5 жаштагы 85 бала 3 сааттык бала бакчага тартылды. 4 тайпага бөлүнгөн балдарды бала бакчанын башчысы Алтынай Эрсариева баш болгон тажрыйбалуу тарбиячылар тарбиялайт», - деди Ж.Жумабекова.

Белгилей кетсек, аталган айылда кыргыз эл жазуучусу М.Элебаев туулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 278
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу