Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Ысык-Көл

Айыл турмушу: Ак-суулук Б.Абзиев ата конушун ээлеп, 16 жылдан бери элдин малын багат (фото)

Turmush -  Ак-Суу районунун Боз-Учук айылынын тургуну Бактыкожо Абзиев 16 жылдан бери ата конушун ээлеп, жайкысын элдин малын багып келет.

Б.Абзиевдин айтымында, анын атасы Нурсадык Абзиев көп жылдардан бери Ак-Сай жайлоосундагы Аткан-Көл конушун жайлап, үй-бүлөсү менен бирге 5 жыл кой, 12 жыл уй, 25 жыл жылкы баккан. Ал үй-бүлөдө уул балдардын эң улуусу болгондуктан көп түйшүктү кошо тартышкан. Кийин ата кесибин улоону чечип, айылдаштарынын малын багып баштаган. Ал ветеринар кесибине ээ болуп, айылда 4 жыл иштеген соң, мал багууга өткөн.

«Атам 2005-жылы каза болуп калды. Анын жаштыгы, өмүрүнүн жарымы өткөн конушту ээлеп, анын кесибин улабасак уул болгонубуз кайсы? Андыктан, мага окшоп малга жакын өскөн колуктум Элвирага үйлөнүп, ар бир жайды ушул жерде өткөрөбүз. Кесибим мал доктур болгондуктан койду өз убагында дарылап, өлө турганы болсо дароо айтам. Айрымдар малы ооруса телефон аркылуу кеңеш сурашат», - дейт ал.

Айылдаштары ага мал бактыруу үчүн эртелеп сүйлөшүшөт. Болбосо, ага кезекке тургандар көп. Азыр ал 500дөн ашык кой багып, бир айга кой башына 50 сомдон акы алат.

«Өзүбүздүн 18 уй, 25 жылкыбыз жана койлорубуз бар. 5 балам тең ар кайсы кесипти тандашты. Бирок, Серикжан деген балам менин жолумду жолдоп, ветеринар болду», - дейт Бактыкожо.

Жайкысын Бактыкожо менен Элвиранын боз үйүнөн киши үзүлбөйт. Кымыз, саамал ичип, эс алабыз дегендер арбын.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 613
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×