Бөлүмдөр
Шейшемби, 26-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Ысык-Көл

Жети-Өгүздө «Көңүл бургула, балдар!» рейди өттү (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районунда «Көңүл бургула, балдар!» аталышындагы рейд өттү. РИИБдин патрулчусу Т.Акматовдун маалыматына караганда, жаңы окуу жылы башталгандан бери мектептердин жанында жол сакчылар окуучулардын жолдон өтүшүнө көмөк көрсөтүп жатышат.

«Район аймагындагы 42 мектепте 17 миңден ашуун окуучу билим алат. Патрулдук милициянын кызматкерлери мектептерде түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат. Ленин орто мектебинде 942 окуучу окуса, быйыл 97 окуучу 1-класска барды. Мугалимдер жол сакчылары менен тыгыз иштеп жатышат. Окуучулар мектептен үйгө, үйдөн мектепке чейинки карталарын көрсөтүштү», - деди ал.

Ал белгилегендей, ОИИБдин башчысы Эрлан Атантаев облус аймагындагы мектептерди кыдырып, окуучулардын жол коопсуздугу боюнча жакындан таанышып, жол белгилерин текшерип, айрымдарын алмаштыруу керектигин айтты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 342
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу