Бөлүмдөр
Жекшемби, 24-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Ысык-Көл

Түптүк фермер электр тогу менен курчалган жайытта баккан уйлардан күнүнө 100 литр сүт алууда (фото)

Turmush -  Түп районунда жашаган фермер Байгазы Оморов электр тогу жиберилген зым менен курчалган жайытта баккан уйларынан күнүнө 100 литрден сүт алууда. Бул тууралуу фермер сүт берүүчү мал чарбасын өнүктүрүүгө багытталган семинарда айтып берди.

Семинардын алкагында Б.Оморовдун «Электр бадачы» жайытында Бүткүл дүйнөлүк банктын «Орто Азияда агро каржылоону өнүктүрүү (IFC)» долбоорунун негизинде тоолуу аймакта сүт берүүчү мал чарбасын өнүктүрүү, жайыттарды башкаруу принциптери жөнүндө фермерлер жана ЖМК өкүлдөрү катышкан пресс тур болуп өттү.

Семинарды БДБтын/IFC өкүлү Кымбат Ыбышева алып барды. IFC долбоорунун жетекчиси Май Нгуен, жайытты башкаруу боюнча адис Флориан Лайбер жана Жылуу-Булак айылындагы «Сүт-Булак» ЖАКтын сервис борборунун башкаруучусу Э.Шамырканов IFC долбоорунун «Сүт-Булак» аркылуу турмушка кандай ашырылып жатканына токтолушту.

Б.Оморов өзүнүн чарбасында IFC долбоорунун талаптарын колдонгондон кийин кандай өсүп-өнүгүү болгонун айтты.

«Күн энергиясы менен кубатталган аккумулятор аркылуу ток жиберилген зым менен курчалган 8 гектар жайытты бөлүп, уйларды кезек менен жайгандан кийин күнүнө 100 литрден сүт саап калдык. 30 күндө алган 3 миң литр сүттүн литрин 14 сомдон сатып, 42 миң сом пайда таптым. Маданияттуу жайытты пайдаланганга чейин уйларды атайын бир адам кайтарчу. 8 гектар жайытты бир айга чейин жеткирбей жеп салчубуз же башка уйлар оттоп келип, тебелеп кетишчү. Азыр уйлар электр тогунан сыртка да чыга албайт, ичке да кире албайт», - деди Б.Оморов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 589
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу