Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-май
Ысык-Көл

Ак-Сууда мектепке бара албаган 16 майып бала бар

Turmush -  Ак-Суу району боюнча мектепке бара албаган 16 майып бала бар. Бул тууралуу райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Малик Темиралиев билдирди.

Анын айтымында, райондо 52 тоголок жетим, 882 жарым жетим, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдө жашаган 577 бала бар. Ал эми 1436 бала көп балалуу үй-бүлөлөрдөн.

«Учурда мектептерде мүмкүнчүлүгү чектелген 214 бала билим алса, 16 бала майыптыгына байланыштуу окууга келе албай жатат. Биз «Жалпыга билим берүү» программасынын алкагында аларга билим берүү аракетин көрүп жатабыз», - деп билдирди М.Темиралиев.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1004
Көп окулду
×