Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Ысык-Көл

Ак-Суудагы 3 бала бакчада оңдоо иштери жүрүп жатат (фото)

Turmush -  Ак-Суу районундагы 3 бала бакчада капиталдык оңдоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Ак-Булуң айылдык кеңешинин депутаты Айбек Дабаев билдирди.

Анын айтымында, учурда капиталдык оңдоо иштер аягына чыгып жатат.

«Маман айлында бала бакчанын тосмосу курулуп бүтсө, Боз-Учук, Орлиное айылдарындагы бала бакчада капиталдык оңдоо иштери жүрүп жатат. Бул иштер Түркиянын ТИКА уюму тарабынан каржыланып, 110 миң долларга жасалууда», - деди А.Дабаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 705
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×