Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Ысык-Көл

«Мекендештер»: Салехардда иштеген 21 жаштагы Нурайым жергиликтүүлөрдүн өзгөчөлүгүн айтып берди (фото)

Turmush -  «Мекендештер» рубрикасынын кезектеги каарманы — Ысык-Көл облусунун Кызыл-Суу айылынын 21 жаштагы тургуну Нурайым Калысова. Ал учурда Россиянын Салехард шаарында эмгектенип жатат.

Нурайым Калысованын айтымында, ал турмуш-тиричилик буюмдары сатылган дүкөндө кассир болуп иштеп, айына 30 миң рубль алат.

«Бул шаардын тургундарынын көпчүлүгү орус тилдүүлөр. Алар кээ бир россиялыктардан айырмаланып, бул жердеги адамдарды динине же улутуна карап бөлүшпөйт. Ар бир адамга жакшы мамиле кылышат. Мусулман же христиан деп бөлүнгөн адамдарды көргөн жокмун. Бөтөн жерде жүргөндөй сезим болбойт. Дүкөндөрдүн көпчүлүгүнөн кыргыздарды жолуктурууга мүмкүнчүлүк бар. Мекениңден алыс жүргөндө кыргыздарды көрүп, өз жериңде жүргөндөй сезим болот. Мен бул шаарга бир туугандарымдын сунушу менен келгем. Жумушум өзүмө жагат. Шаар тынч жана абдан таза. Бирок жайдын бат эле бүтүп калганы мага жаккан жок. Ал эми кышкысын абдан суук болот, эшикке чыккың келбейт», - дейт мекендешибиз.

Нурайым үй-бүлөдө 4 бир туугандын кичүүсү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 705
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×